Билдирүүдө 21-октябрда Конституцияга байланыштуу өткөрүлгөн референдумду чагылдырууда БШК шайлоо участкаларына керектүү материалдарды чектегени белгиленген. Ошондой эле бүллетендерди үкөккө салуудагы мыйзам бузууларга, добуш берүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө жасаган аракеттерине тынчсызданган ЕККУнун билдирүүсүн тең бөлүшөрүн билдирип, референдум эл аралык стандартка жооп бербегени айтылат. Билдирүүдө Кыргызстандагы атуулдарга демократиялык жол менен жылуу үчүн парламенттик шайлоонун даярдыгынын жүрүшүн жакшыртуу белгиленип, кыска мөөнөттүн аралыгында коомчулуктун жигердүү катышуусу үчүн парламенттик шайлоонун өтүүчү күнүн жарыялоого, шайлоочулардын тизмесин тактоого, партиялардын даярдыгына, ачык талкууларды өткөрүүгө убакыт берип, Кыргызстандын элдерине өз лидерлерин шайлоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган. (AJ)