Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

12:40 БШКнын бүгүнкү отуруму кечинде болот


Анда Башмыйзамдын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакцияларына байланыштуу 21-октябрда өткөрүлгөн рефрендумдун жыйынтыгы каралмакчы.
Кечээ 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 16:00 маалыматы боюнча Мамлекеттик автоматташтырылган Шайлоо системасына 2190 шайлоо участкасынын 2163 нүн протоколу киргизилген. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна 2 млн. 039 миң 487 атуул “ооба” деп добуш берген. Бул добуш берүүчүлөрдүн 76,45 пайызын түзөт. Ал эми “жок”-деп добуш бергендердин саны 3,67 пайыз болгон. Ал эми Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясына добуш берүүчүлөрдүн 76,37 пайызы “ооба” , 3,73 пайызы “жок” деп добуш беришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG