Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Нидерландда НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны башталууда


Бүгүн башталып жаткан жыйында Орусия менен алака, Ооганстанга кошумча күчтөрдү жиберүү маселелери каралмакчы. Ушул апта башында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстандагы аскерий операцияга НАТОго кирген өлкөлөрдөн колдоо аз болуп жатканын айткан эле. Жыйында ошондой эле Косоводогу кырдаал да талкууланары күтүлүүдө. АКШ коргоо министри НАТОну Косоводо, анын болочок статусуна байланышкан сүйлөшүүлөр ушул жылдын 10-декабрында аяктагандан кийин да аскерлерин калтырууга чакырды.

XS
SM
MD
LG