Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

8:36 УТРКнын Байкоочулар кеңешинин айрым мүчөлөрү ишин токтотту


Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин мүчөсү Бакытбек Орунбеков маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта кеңештин 5-6 мүчөсү ишин токтотуп, калгандары өз чечимдерин бүгүн жарыялашмакчы. “Бирдиктүү кеңешип, иш алып баруу дайыма эле мүмкүн эмес. Эгерде тил табыша албасак, кворум чогулбаса, кантип чечим кабыл алабыз?”,-деди Б. Орунбеков. Кечээ УТРКнын Байкоочу кеңеши төрагасын шайлай албай калган. Шайлоонун экинчи айлампасында талапкердиги каралган Элвира Сариева менен Бакыт Орунбековдун ар бири бештен добуш алган. Кеңештин жобосу боюнча төрага сегизден кем эмес добуш алган шартта шайланды деп эсептелет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG