Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

КЫЯЗ МОЛДОКАСЫМОВ: МЕН ПРЕЗИДЕНТ ТАККАН МИЛДЕТТИ АТКАРЫП БҮТТҮМ


Президенттин Жарлыгы менен УТРКнын башкы деректирлик кызматынан бошогон Кыяз Молдокасымов бүгүн «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, Президент таккан милдеттердин өтөсүнө чыкканын белгиледи.

- Ушул парламенттик шайлоонун алдында жагдайларды жакшылап карап, шайлоону жакшылап өткөрүп берип, ушундай чаралардын бардыгында бекемирээк карап берсин деген максат болуш керек. Негизинен биз “Азаттык” радиосунан бул жакка келээрде президент айткан: КТРди “Азаттык” радиосуна айландырып бер деп. Өткөндө өкмөттүн жыйынында президент өзү айтты, бул "КТР КТР болбой эле “Азаттык” болуп кетти го" деп. Мына ушинтип президент өзүнүн жыйынтык сөзүн айтты окшойт. Чындыгында, бул жакты “Азаттык” радиосундагыдай эл аралык стандартка өткөрүүгө болгон аракетибизди жасадык. Эми мына саясат экен, айрым бир депутаттарга таратылган учурда ар кандай бийлик бөлүштүрүлөт экен. Ошол себептен, балким, ушундай кадамдар жасалгандыр. Эми биз Курманбек Салиевичтин болгон саясатын элге жеткирип берип жаттык. Болгон аракетти мамлекеттин кызыкчылыгында жасадык. Бул жерде биз өзүбүздүн милдетибизди эки жылда негизинен аткарып бүттүк десем болот.

- Президенттин указынан кийин көңүл калуу болгон жокпу сизде?

- Эми көңүл калуу, таарынуу деген бул ар бир инсандын өзүндө. Бул жерде президентке айланасына дагы бир ишенимдүү адамдар көбүрөөк болсо экен, бир жолу сатып кетип кайрадан келип эле бийликтин кызыкчылыгында кызмат кылган бир убактылуу адамдар азыраак болсун экен деп ар дайым айтып келгенбиз. Мына ошондой бир ишенимдүү, ынанымдуу адамдар көбүрөөк болсо, мамлекетте көптөгөн иштер алдыга жылат. Ошон үчүн бул жерде таарынычыбызды, көңүл айтуу, калуу деген боюнча эч нерсени айта албайм. Анткени, бир жакшы сүйүнгөнүм бир аз эркиндикке чыктым. Анткени менин ишим таңкы сегизден тартып түнкү саат он экиге чейин болчу. Эми жок дегенде ошол иштин буга чейинки жүрүшүндөгү айрым бир эс албаган учурду толуктап, көптөн бери унутулуп калган илимий иштеримди кичине алдыга жүргүзгөнгө жакшы шарт түзүп берип жатат. Ал эми илимий иш анча-мынча бийликте жүргөн адамдарга караганда бул түбөлүктүү иш деп ойлойм.

- Сизге президент башка кызмат ордун сунуштаган жокпу?

- Эми президент өзү эч кандай кызмат орунду конкреттүү түрдө сунуш деле кылган жок. Медет Чоканович бир эки жагдайлар боюнча айтты. Мен айттым, азыр башка ишке өтөөр алдында мен эс алышым керек. Эс алгандан кийин дагы ойлонушум көрөлү дедим. Эми конкреттүү жумуш болгон жок.

- Кыяс мырза, сиз КТРде эки жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатасыз. Кандай жетишкендиктер болду деп ойлойсуз?

- Жетишкендиктер боюнча өтө көп нерсени айтса болот. Бул “Азаттыктын” өзүнүн ишинде Интермедиа деген изилдөө борборунун изилдөөсү боюнча КТР көрүүчүлөрдүн 83,9 пайызынын ишенимине ээ болуп биринчи орунга чыгып, элдин ишенимине ээ болгонубуз бул-эң чоң жеңиш. Андан кийин бул жерди бүт технологиялык эл аралык стандартка өткөрдүк. Ошол “Азаттыктын” стандартындай кылып эл аралык стандартка өткөрүүнүн биринчи баскычын биз бүткөрүп койгонбуз. Бул жерде журналисттер үчүн өтө чоң жакшы шарттарды түздүк. Эл уга турган, эл көрө турган жакшы программаларды өткөрүп, реформанын биринчи баскычын бүтүргөнбүз. Экинчи баскычты жаңы баштап жатканбыз. Эми балким биздин сунуштар да эске алынаар. Кыскасы, бул жерде өтө чоң иштер болду. Кээ бир адамдар 10-15 жыл бир жерде отуруп артын караса бир из жок калат экен. Ал эми кээ бир жерде аз убакыт иштеп, бирок ошол 15 жылда жасалбаган ишти аткарып койсоң жүзүн жарык, артыңда кубаныч жана жакшы өзүңө канааттануу болот экен. Андыктан, бул жерде эң негизгиси менин айланамда жакшы жаңы кадрлардын чогуу болгону. Ошолор менен чогуу иштешкеним мага өтө чоң пайда болду. Ошон үчүн бул жерде чоң өзгөрүүлөр болду деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG