Адвокат Айжан Касымалиеванын айтымында, тыңчылык кылган делип шектелип УКМКнын абагында камакта отурган Жыпаргүл Арыкованын иши Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Молдобаевге өткөрүлүп берилген. “Соттук териштирүү 10-12-ноябрга белгилениши күтүлүүдө. Ишемби күнү Арыковага кирип жолугушуп чыктым. Денсоолугу жакшы”,-деп билдирди адвокат. (AJ)