Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

11:49 ММКнын өзүн өзү жөндөөчү органы түзүлөт, журналисттердин Этикалык Кодекси кабыл алынат


Кыргызстан журналисттеринин республикалык съезди 10-ноябрда болот. ММКнын өзүн өзү жөндөөчү органын түзүү жана Кыргызстан журналисттеринин Этикалык Кодексин кабыл алуу съездде башкы маселелерден болуп каралат. Июнь айында Ысыкөлдө болгон эл аралык конференцияда Кыргызстандын маалымат каражаттарынын өзүн өзү жөндөөчү органын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул иш чараны Сорос Кыргызстан фонду уюштуруп, анын ишине Медиа Өкүл институтунун, Маалымат укуктары борборунун жана Россия, Украина, Азербайжан, Кыргызстандын эксперттери катышкан. Конференцияда Кыргызстан журналисттеринин Этикалык Кодексин иштеп чыгуу атайын түзүлгөн жумушчу топко тапшырылган. Этикалык Кодекстин долбоору иштелип чыккан, аны съезддин делегаттары электен өткөрүп кабыл алуууга тийиш. Азыркы учурда ар бир маалымат каражаты съездге өзүнүн делегатын көрсөтүп шайлап жатат. ММКлар бир эле учурда Кыргызстан маалымат каражаттарынын өзүн өзү жөндөөчү органына дагы талапкерлерди көргөзүүдө. Бул органга кызыкчылыктар кагылышып кетпесин үчүн ММКда түздөн түз иштеген журналисттер мүчө албайт, анын курамында эл ичинде кадыр-баркы жогору коомдук же маданий ишмерлер болууга тийиш.(KCh)

XS
SM
MD
LG