Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

ДОКТОР Ж.Н. «А» жана «Б» ЖӨНҮНДӨ


«Дело №…» гезити доктор Жеңишбек Назаралиевдин жаштарга кайрылуусун жарыялады. Кымбаттуу достор, бир туугандар жана карындаштар, деп башталат анда, 2005-жылдын 24-мартында биздин жашоо-турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кескин өзгөрүү болот деген үмүтүбүз таш капты, көрсө үйбүлөлүк башкаруу системасынын башында турган «А» тамгасын биз болгону «Б» тамгасы менен гана алмаштырыптырбыз. Бизден бүгүн көбү мурда кандай жашачу элек деп сурашып, кайра өзүлөрү азыркыга караганда Акаевдин тушунда жакшы жашаганбыз деп жооп беришчү болду. Биз Акаевдин тушунда да жаман жашаганбыз, азыр да жаман жашап жатабыз. Элдин 5 пайызы орто, ортодон жогору жашаса, 95 пайызы жакыр жашайт. Бизди баягыдай эле көз көрүнөө алдап, көз көрүнөө талап-тоноп, шылдыңдап, басынтып, тебелеп-тепсеп келатышат. Көбү камырдан Хан, Бекке айланып чыга келгендер. Алар билим, тарбия деген эмне экенин билишпейт. Билгендери бильярд менен чайкана, деп белгилеген доктор, жөн эле жата берген таштан эч качан суу чыкпай турганын, ошон үчүн 22-40 жаштагы кайдыгер эмес жаш адамдардын баарын өзүнүн Бишкектеги медициналык борборуна чакырарын билдирген.

Ушул эле гезит саясат талаасында жаңы эле пайда болгон «Ак жол» партиясынын мүчөлүк акысы болгону 10 сом турса, анан Бишкекке Орусиянын «Рефлекс» жана Серега аттуу кымбат ырчыларын чакыртып концерт уюштурганга акчаны кайдан тапты, анткени Серега дегендин бир концертинин эле басы 15 миң доллар, «Рефлекисиники» андан бир аз эле азыраак деп таң калып жазды.

«Московский Комсомолец Кыргызстан» гезити 1-бетине УТРК баш деректиринин милдетин аткаруучу М.Эшимкановдун «Мен президенттин буйругун чын дилимден аткарам», «Ата Мекен» партиясынын башчысы Ө.Текебаевдин «Биз биригүү менен жеңишке жетүүнү максат кылабыз» деп айткандарын баш тема кылып алып чыкты. Эми ичин барактап көрөлү. Урматтуу Курманбек Салиевич!, деп айтылат макалада, сиз өткөн бир жолугушууңузда-Ала Бука районунда өз партияңызды түзгөнүңуз жөнүндө сүйлөп атканда, сизден кийин сөз алган эмгек ардагери, эмгек сиңирген мугалим Абдрахман Хасанбаев, «биздин президент Кудайдын Жердеги өкүлү, аны ким сындаса тозоктун отуна күйөт» деп айтканын кеп кылган гезит, Бакиевди сындап эле койгон кишилер тозоктун отуна куйкалана берсе, анда андан да ашып түшүп күнөөгө баткан эки жүздүүлөр, куйругу менен президенттин баскан изин тазалап, тили менен таманын жалагандар, жагымпоздор менен кошоматчылардын бейиште жүргөнү калыстык болбойт го, маселен, буга чейин оңго да, солго да урунуп, талантын кайда катарын билбей жүргөн, парламентте, гезитте иштеп, аянтта кыйкырып, Швейцарияга элчиликке аттанып, кайра баргысы келбей калган адамды УТРКнын баш деректиринин милдетин аткаруучу кылып дайындадыңыз, сиздин ордуңузда болсом мен мындай адамга ишенбес элем, деп жазды гезит кабарчысы Е.Агеева.

Ушул эле гезит шайлоого аттанган партия башчылары тууралуу кеп кылып, кезинде аксылыктардын арбын добушу менен парламентке келген «Асаба» партия лидери Азимбек Бекназаров өз партиясынын тизмесинин башында турган менен аксылыктардан алгандай добушту бүтүндөй өлкө боюнча эми алалбастыгын, Социал-демократиялык партия башчысы Алмаз Атамбаев деле кайрадан өлкөнүн 2-адамы болуп каларына көзү жете бербей турганын, ал кааласа депутат болуп келерин, бирок анын шайлоого барары ушул келаткан ишембиде чечилерин, шайлоонун башкы репетициясы болгон референдумду «ура» менен жыйынтыктагандан кийин президенттин «акжолчулары» парламенттен 80 пайыз добуш алабыз деп дуулдап турганын баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG