Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

12:50 Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдошту


Кайрылууда: “Урматтуу Президент, биз бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочу уюмдар жана журналистер, адам укуктары, тынч митингдерди өткөрүү жана сөз эркиндиги жаатында бүгүн өлкөдө чукул кырдаал түзүлгөнүн билдиребиз. Кыргызстандагы болуп жаткан процесстер күндөн күнгө авторитардык мүнөзгө ээ болууда. Адам укуктарынын тебелениши, тынч митингдерге тыюуу салуу өлкөнүн саясий турмушунда мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланып бараткандыгы бизди абдан тынчсыздандырат. 2007-жылдын ичинде эле ММК өкүлдөрүнө кол салуунун он фактысы катталган. Ал эми ошол кылмыш окуяларынын аягына чейин чыгып күнөлүү табылдагандыгы комчулук тарабынан да, укук коргоо кызматкерлери тарабынан да журналисттерге кайдыгер мамилени өрчүтөрү шексиз. Мына ушундай иш аракеттер сөз эркиндигине жана демократиялык негиздерге коопту кырдаалды пайда кылды. Ошондуктан, сизди Конституциянын кепили катары өлкөдө авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктан орношуна жол бербөөгө чыкырабыз”,- деп айтылган. (ESu)

XS
SM
MD
LG