Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

18:27 Жалалабат облусунда жылдан жылга жумушсуздардын саны өсүүдө


Облуста 35237 киши расмий түрдө жумуш издеп катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда, үч пайызга көптүк кылат. Жумушсуздуктун абалы Аксы районунда башка аймактардан кыйла жогору турат. Аксыда жумушсуздуктун деңгээли 51 пайызга барабар болду. Иши жоктордун саны эмгек рыногу татаалдашкан Ташкөмүр, Майлуусуу жана Каракөл өңдүү майда шаарларда да өсүп жатат. Тогуз айдын ичинде жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуучулар облуста 2,3 пайызга азайган. (YA)

XS
SM
MD
LG