Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

ТАРЫХ КАЙТАЛАНЫП ЖАТАБЫ?


Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктары оор абалга келгенин, бийликтин жүргүзгөн саясатына макул эмес адамдарды, оппозиция өкүлдөрүнүн урук-туугандарын кызматынан бошотуу өнөкөтү жайылып, аларга карата басым-кысымдар күчөгөнүн айтышууда. Бийлик өкүлдөрү жана бир катар байкоочулар бийликке жагынгысы келген айрым чиновниктер ушул сыяктуу мыйзам бузууларга жол берип жатышканын айтышат.

Кыргызстандагы укук коргоочулар өлкөдө адам укуктарынын абалы барган сайын начарлап баратканын айтып, коңгуроо кага башташты. Буга чейин “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмазбек Текебаев милицияга кол көтөргөн, бейбаштык кылган деген сыяктуу жүйөлөр менен айыпталып, кечээ күнү гана сотто акталып чыкты. Ошол эле “Ата мекен” партиясынын төрага орунбасары Эркин Алымбековдун жубайы, БШКда иштеген Галия Алымбекова да референдумдан кийин кызматынан бошотулган. Ал эми кечээ “Ата мекен” партиясынын катарына кошулган “Ак шумкар” партиясынын лидери Кубатбек Байболовдун жубайы, Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова да шаардык кеңештин чукул жыйынында көпчүлүк добуш менен жетекчилик кызматтан бошотулду. Бул жагдай тууралуу Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төарагы Турсунбек Акун буларга токтолду:

- Өмүрбек Текебаевдин иниси Алмаз Текебаевдин инисинин кармалышы кылмыш иши эмес, саясий процесс болуп калган да. Анын кармалганын ак үй билген эмес, ага тиешеси жок болчу. Укук коргоо органдары бөрк ал десе баш алып, бийликке жагынабыз деп кармашкан. Ал эми Эркин Алымбековдун жубайынын бошотулушу боюнча биздин комиссия иштейт. Мен Алымбековго айттым, жубайы бизге арыз менен кайрылсын. Ал эми Нуржамал Байболованун кышматтан кетишин мыйзамсыз деп эсептейм. Бул жерде кандайдыр бир куугунтуктун айкын белгиси бар.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, оппозиция өкүлдөрү көп учурда кызматтан бошотулган туугандарын саясий куралга айландырып, ашыкча кетип калып жатышат, бирок, бийликтин жан-жөкөрлөрү да жагынуу максатында туура эмес иштерге барышууда:

- Оппозиция дагы ушундай көрүнүштөрдү өздөрүнүн пайдасына колдонгонду үйрөнүп алышты. Экинчи жагынан бийликте жогору жак “команда” бербесе да “муну мындай кылалы, тигини тигиндей кылалы” деген кошоматчылар толтура.

“Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде, бийлик өкүлдөрү чындап эле оппозицияга тиешеси бар адамдарга карата осол иштерди уюштуруп жатышат:

- Нуржамал Байболовага карата жасалган иш бул – ачыктан ачык элу куугунтук болуп калды да. Ушул ишти дагы мыйзамдаштырып жасай алышкан жок. Ачык, оркойтуп, коркпой-үркпөй жасашты. Эми менин коркконум, шайлоого карата үгүт иштери баштала элек, шайлоо жакындаганда мындан дагы күчөп кетеби деген коркунуч бар.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, анын баш мыйзамда жазылган укугу тебеленгенин, эми таламын талашып сот органдарына кайрыла турганын билдирди:

- Бул куугунтук. Мен ооруп жаткан маалда булар кеңешти чогултуп, мен жокто ушундай чечимди кабыл алышты. Бул боюнча юристтерим иштей баштады. Булардын эң негизги уңгусу алдыдагы чоң саясий күрөштө «оппозициялык күчтөрдүн таламын талашат, ошолорго жан тартат» деген маанайда ушундай иштер уюштурулду.

Укук коргоочулардын баамында, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталбай жатып мындай көрүнүштөрдүн чыгып жатышы кооптонууну жаратууда. Анткени, А.Акаев доорунун акыркы көз ирмемдери да ушул сыяктуу окуялар менен коштолгон дешет.

XS
SM
MD
LG