Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

ГРУЗИЯ: Президенттик эрте шайлоо 5-январга белгиленди


Тбилиси. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили келээрки жылдын 5-январында өлкөдө президенттик эрте шайлоо өткөрүлөөрүн жарыя кылды. НАТО Грузия аймагына чукул кырдаал киргизилишин жана көз каранды эмес басма сөз каражаттарынын кысымга алынышын кескин сынга алды. Саакашвили нааразылык жыйындарын күч менен таркаткан соң, 7-ноябрда өлкөдө чукул кырдаал жарыялаган жана нааразылык чараларынын артында төңкөрүш камылгаларын көргөн саясий күчтөр турат, аларды Маскөө колдоп жатат деп айткан. Расмий Кремл өзүнө карата айтылган бул доону четке какты.

XS
SM
MD
LG