Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

КЫРГЫЗСТАНДА КАНТ ДИАБЕТИНЕН 25 МИҢ АДАМ АЗАП ЧЕГҮҮДӨ


Фатима Абдалова Учурда Кыргызстанда жыйырма беш миң адам кант диабетинен жабыркоодо. Анын жүз жетимиши балдар. Бул дарттын өсүп баратышынын башкы себеби - өзгөчө жашоонун кыйынчылыгынан келип чыккан адамдагы стресстик абал. Кант диабети менен ооругандар бул дарт боюнча мыйзам иштебей келаткандыктан, дарыларды сатып алышат.

Кант диабети менен ооруп, каттоодо турган Салима айым бул оорунун өзүндө адеп пайда болгон алгачкы белгилерин жана дары-дармекке акча дайыма жете бербесин айтты:

-2003-жылдан бери кант диабети менен ооруйм. Бул дарт менен ооруп баштаганымда оозум бат-бат кургап, тез-тез заара кыла берчүмүн. Тамакты көп жеп бирок арыктай баштагам. Эми мен да инсулин сайынам. Акча дайыма эле жете бербейт.

Бүгүн Бишкекте – тарых музейинин имаратында Кант диабетиктеринин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Кыргызстандын кан диабетиктеринин ассоциациясынын демилгеси менен акция өтүп, анда кайрылгандардын канын кант диабетине карата бекер текшерүү уюштурулду. Мындай акция Бишкекте өткөн акциянын алдында Таласта жана Баткенде да өтүп, баары болуп акцияда текшерүүдөн 3300 адам өтүп, алардын 7 пайызынан кант диабети табылды. Кыргызстандын кант диабетиктеринин ассоциациясынын президенти, аталган борбордун башкы дарыгери Светлана Мамытова “кант диабети боюнча мыйзамды ишке киргизели деп депутаттарга кайрылып отуруп, алардын сегиз пайызынан кант диабетин таптык” деп айтты:

-Биз Таласта, Баткенде болгонубузда элдер айтып атышты, дары-дармектерге акчалары жетпей атканын. Кант диабети боюнча мыйзамды иштетели деп депутаттарыбызга кайрылып, текшерүүдө алардын сегиз пайызынын канынан кант диабетин таптык. Мындай болуп калышы алардын оюна да келген эмес.

Кант диабетинин пайда болушуна – тукум куучулук, адамдагы маанай чөгүүчүлүктөн, кыжалаттыктан келип чыккан стресстик абал, ар кандай вирустук инфекция жана дененин кайсы бир жеринен жаракат алуу алып келиши мүмкүн. Республикалык педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун эндокринология болүмүнүн башчысы Нуржамал Кушубекованын айтымында 9 айлык наристеден да кант диабети табылган:

Кант диабетинин алгачкы белгилерине – суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо мүнөздүү. Кант диабети медициналык аныктама боюнча - тукум куучулуктан, стресстен, жаракат алуудан жана вирустук инфекциядан келип чыгат. Адамдар бизге мына ушул белгилерди байкаары менен кайрылышса, дарттын өтүшүп кетүүсүнүн алдын алууга болот.

Кыргызстандын кан берүүчүлөр ассоциациясынын президенти Арзу Чотбаеванын пикиринде кант диабети Кыргызстанда – тамак-аштын кымбаттыгынан да өсүп жатат:

-Мына мисалы, Кыргызстанда бюджетте отургандар эки миңден айлык алышат. Бул эмнеге жетет? Жакшы, витаминдүү тамак алып жей алабы ушул акчага? Кант диабетинин пайда болушуна башкы себеп болгон адамдагы стресстик абал – ошол жетишпестиктен келип чыгып жаткан жокпу? Кийинки убакта тамак-аш өтоө эле кымбаттап кетти. Айрыкча айран-сүттөр. Сүт азыктары кант диабетинин алдын да алат жана ооруп калгандар үчүн да эң зарыл.

Кант диабети менен ооругандарга ийне менен сайылчу инсулин оорулуу үчүн аба менен суудай зарыл. Андыктан кант диабетине кабылган чоң адамдардын отуз пайызы күнүнө бир же эки жолудан инсулин сайынууга аргасыз болсо, жаш балдарга инсулинди беш ирет сайууга туура келет. Инсулин Кыргызстанга Американын, Франциянын, Даниянын фирмаларынан, таблеткалар негизинен Германиядан келип түшөт. Кыргызстан бул мамлекеттерден келип түшкөн дарылар үчүн карыздарын жоялбай келет. Ошондой эле кант диабети менен ооругандар үчүн мыйзам иштебей келаткандыктан, эл бул дарыларды сатып алууга аргасыз экенин белгиледи Кыргызстандын кант диабетиктеринин ассоциациясынын президенти Светлана Мамытова:

-Мыйзам боюнча кант диабети менен ооругандар дары-дармектерди бекер алышы керек. Президент Бакиев былтыр кол коюп, “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган мыйзам ушу бүгүнгө чейин иштебей келет. Али токтом жок.

XS
SM
MD
LG