Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

21-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз элчилер Качыбек менен Жакыпбектер 1821-жылдын 21-ноябрында Ысыккөлдөн чыгып, Сибирге сапар алышкан. 1916-жылдын бу күнү Пржевальск шаар бийлигинин жыйыны өткөрүлдү.

1813-жылдын күз айында орус бийлиги Чыгыш Түркстанга көлөмдүү соода кербенин жөнөткөн. Кербенди көпөс Миркубан Ниязов жетектеп, алар кыргыз жергесине келгенде, Ниязбек менен Шералы бийлер кербенди узатып, Үч Турпанга чейинки коопсуздугун камсыз кылып беришкен. Кербен кайра кайтып кыргыз жергесине келгенде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү губерниялык тилмеч-котормочу Андрей Леонтьевич Бубеновго кошуп өз элчилерин орус бийлигине жиберишкен. Кыргыз элчилер Качыбек менен Жакыпбектер 1821-жылдын 21-ноябрында Ысыккөлдөн чыгып, Сибирге сапар алышкан.

1916-жылдын бу күнү Пржевальск шаар бийлигинин жыйыны өткөрүлдү. Жыйында 16-жылкы көтөрүлүштөн жабыр тарткан айылдардын абалы, анда жашаган жер которгондорго жардам көрсөтүү жагдайы талкууланды. Мындан тышкары, Сазановка, Семенов кыштагында дарылануучу жайларды куруу чечими чыгарылды.

Партиялык курулуш маселесине арналган IV Кыргыз областтык партиялык конференциянын иши 1927-жылдын 21-ноябрында соңуна чыкты. Партиялык жыйында коммунисттик партиянын курулушу, иштөө тартиби жана партиялык принцип маселелери каралып, алардын максат, милдеттери менен жарды адамдарды жакындан тааныштыруу чечими чыгарылды.

2003-жылдын бу күнү Жалалабад, Каракол жана Ош шаарларынын көчөлөрүнөн «Хизб-ут-Тахрир» динчил экстремисттик уюмдун баракчалары табылды. «Хизб-ут-Тахрир» уюму Жорж Буш, Ариэль Шарон жана Ислам Каримовдун саясатын айыптап, мусулмандарды баш кошуп бир Халифатка биригүүгө үндөп, абактагы мусулмандарды бошотууну талап кылышкан. Баракчалар кыргыз, өзбек тилдеринде басылып, алар эл баскан көчөлөргө илинген.

2004-жылдын бу күнү Бишкектеги адам өнүгүүсү боюнча кыргыз-япон борборунда «Алтын күз» фестивалы өткөрүлдү. Кыргыз-япон маданиятынын 1-фестивалын Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сюсюке Ватанабэ ачып, анда япон элинин каада-салты, музыкасы, жазма маданият үлгүлөрү көргөзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 21-ноябрында өткөн жыйыны, өлкөдө күч алган кылмыштуулук маселесине арналды. Жыйында буйрутма кылмыш, курал жарактарды сатуу, наркосоода, экономикалык кылмыштуулук өскөндүгү белгиленди.

«КМШ өлкөлөрүндөгү кыргызстандык эмгек мигранттарынын азыркы абалы, келечеги» аттуу эки күндүк эларалык конференция 2005-жылдын 21-ноябрында Бишкекте ишин баштады. ЮСАИД уюмунун каржылоосу менен Евразия фонду уюштурган конференцияга Шериктештик өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышып, анда кыргызстандык эмгек мигранттарын толук иш менен камсыздоо, эмгек жана адамдык укугун коргоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Бу күнү, Бүткүл дүйнөлүк саламдашуу жана Бүткүл дүйнөлүк телевидение күнү белгиленип, 1694-жылы айтылуу француз ойчулу, жазуучу жана агартуучу Франсуа Вольтер, 1768-жылы немец теологу Фридрих Шлейермахер, 1920-жылы советтик композитор Ян Френкель жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG