Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

13:52 Жаштар кыймылы АКШда кармалган боксчу Алмазбек Раимкуловду бошотуу үчүн каражат чогултат


Мындай ниетти “Жаңы муун” жаштар кыймылы бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Кыймылдын координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн айтымында, учурда боксчуну бошотуу үчүн күрөөгө канча акча коюу керек экени такталууда. Ал эми бул үчүн каражатты өлкөнүн бардык жарандары чогулта алат. АКШда акыркы үч жылдан бери издөөдө жүргөн Алмазбек Раимкуловду Лас-Вегас шаардык полициясы 7-ноябрда кармаган. Соттун өкүмү менен кыргыз боксчу 90 күндүк камакка алынган. Райымкулов кызуу абалда машина айдап баратканы үчүн айыпка жыгылып, бирок сотко келбей койгондуктан издөөгө алынган болчу. (JTo)

XS
SM
MD
LG