Лондондо чыгуучу Jane's Intelligence Digest жумалыгынын соңку санында жарыяланган бир макалада, Ислам Каримовдун Өзбекстанда кайрадан президенттике талапкер болуусунун тегерегинде ой жүгүртүлгөн. Өлкөсүнүн башмыйзамын тоотпой, Каримовдун кайрадан талапкер болушу эч кимди таң калтырбаганы билдирилген макалада Орто Азиянын энергетика булактары тууралуу чоң дөөлөттөтөрдүн ортосундагы таймаш жана ал таймаштагы Өзбекстан ойной турган борбордук рол жөнүндө айрым ой жорууларга орун берилип, 2005-жылда Кыргызстанда элдин нааразычылык толкундарынын натыйжасында орун алган “Жоогазын ыңкылабынан” кийин бул өлкөдө туруктуулук бүгүнгө чейин орнобой, өлкөдө хаостук кырдаалдын өкүм сүрүп жатканы; а Түркменистанда Сапармурад Ниязовдун кайтыш болуусунан кийин бийликтин сыпайы түрдө алмашуусу жана жаңы президенттин кыска аралыктын ичинде бардык кошуналары менен татынакай мамилелерди түзүшү, көптөгөн адамдарга сабак болгондугу бышыкталат.
Казакстандын борбордук банкы өлкөнүн экономикасынын, АКШдагы ипотека кризисинен башат алган накталай акча таңсыктыгынан аман эсен чыга алышын камсыздоо максатында 4 миллиард $ жыйган. Бул тууралуу борбордук банктын мүдүрү Анвар Саиденов Лондондо чыгуучу Financial Times гезитинин кабарчысына айтып берген. Гезитте жазылышына ылайык, жыйналган фондунун 1 миллиард доллардык бөлүгү быйыл, өкмөт белгилей турган ылдый пайыз менен өлкөдөгү соода банктарына карызга берилмекчи.