Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

10.29 Бишкек парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө


Кечээ 26-ноябрда парламенттик шайлоого карата түзүлгөн Бишкек шаардык штабынын жыйыны өттү. Анда Бишкек мэри Данияр Үсенов шаар акимдерине өз аймактарында шайлоого карата мындай штабдарды түзүүгө көрсөтмө берди. Шаар башчысы үгүт маалында мыйзам чегинен ашкан чакырыктарга жана кимдин болбосун кадыр-баркына доо кетчү иш-аракеттер жол берилбешин көзөмөлгө алууну буйруду. Ошондой эле шаар башчысы кайсы партия болбосун шайлоочулар менен жолугушуу уюштуруп берүү үчүн көмөк көрсөтүү даярдыгын билдирди. Шаарда баш-аягы 191 шайлоо участкалары бар. (EKa)

XS
SM
MD
LG