Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

14:50 Карабалтадагы райондук оорукана жоюлуп, анын ордуна базар же көңүл ачуучу жай курулушу мүмкүн


Бул туурасында бүгүн Карабалтанын тургуну Сапар Сыдыков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, бул айрым атка минээрлердин буйругу жана ага жергиликтүү бийликтин да кызыкчылыгы бар. Мындай өзгөрүү шайлоодон кийинкиге жылдырылууда. “Анын ордуна чоң базар же казино, ресторан өңдүү көңүл ачуучу жай курулат деген болжомол бар”,- деп тынчсызданат айрым тургундар. Бирок бул курулай ушак деп белгиледи облустук бийлик. Учурда оорукананын бир катар кызматкерлери башка ооруканаларга бөлүштүрүлүп, айрымдарын иштен кетирүү чарасы көрүлүп жатканы туурасында айтылып жатат. Кезегинде бул оорукана Жайыл, Москва райондорун тейлеп келген жана эки жыл мурун толук оңдоп-түзөө болгон. Болжолдуу алганда райондук оорукана он гектарга чукул аянтты ээлеп турат. (JJ)

XS
SM
MD
LG