Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

АЗАТТЫК+: SMS БИЛДИРҮҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?


Акан Иманов, Бишкек 26-ноябрда Азаттык плюс телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы эфирге чыкты. Бул жолу 21-кылымдын эн чоң илдети болгон ВИЧ-СПИД илдетин кантип алдын алуу керек деген теманын тегерегинде сөз болду. Анда СПИД оорусунун бүгүнкү күндөгү абалы, келечекке болгон коркунучу, оорудан сактануунун жол-жоболору тууралуу кеп козолду.

Талкуу бөлүгүндө Бишкек шаардык СПИД борборунун кызматкери Аида Сүйүналиева: бул илдетке каршы күрөшкөн бейөкмөт уюмдарга акча көп бөлүнүүдө, бирок натыйжасы аз. Ошондуктан өкмөт алгылыктуу иштериди өздөрү жүргүзүшү керек деген пикирин айтып, 49 смс добушка ээ болду. Ал эми “Позитивдүү демилге” бейөкмөт уюмунун өкүлү Нурлан Шоңкоров: өкмөт менен бейөкмөт уюмдар эриш-аркак иштешип, илдетти алдын алса болот деген ою менен 35 көрөрмандын добушуна эгедер болду. Натыйжада, талкуу бөлүгүнүн жеңүүчүсү болуп Аида Сүйүналиева аталды. Ушул эле убакта көрүүчүлөр да 0(312) 66 68 17 номуруна телефон чалышып, талкуунун катышуучуларына добуш берүү менен “Азаттык плюс” телепрограммасы тууралуу пикирлерин билдиришти.

Атым Иманаалы: - Адамдар СПИД оорусун дарыгерлердин жоопкерчиликсиздигинен жуктуруп алууда деп айтышууда. Чынында андай эмес, алардын күнөөсү жок. Ар бир адам өзү үчүн жооптуу. Бул илдетке каршы бир уюм же бир нече адам күрөшө алышпайт. Ошондуктан жалпы коомчулук иштеши керек деп ойлойм.

Алмаз: - Ислам динин Кыргызстанда жайылтышыбыз керек. Бул таза дин да. Ыймандуу болсоң жыныстык жана башка ыплас жолдорго барбайсын. Ошондой жолдор менен биз СПИДди жок кылсак болот. Дарыгерлер дагы туура иштеп алдын алса болот.

Бакыт Жолбунов: - Өкмөт көргөзмөлөрдү берип, баардыгын алдын алышы керек. Экинчиден, ВИЧти жуктуруп алып эч кимге айтпай жүргөндөр ачыка чыгып, жаман иштерден арылышса деген ой. Мүмкүн ошондо бул илдеттен кутулаарбыз. Ал эми Азаттык плюс программасы тууралуу жакшы пикирдемин. Бул программадан мен ден-соолук, жакырчылыктан чыгуунун жолдору, бизнес чөйрөсүндөгү жаңылыктар, ийгилике жеткен адамдар тууралуберүүлөрдү көргүм келет.

Атым Айбек:- Сары түс менен чыккан Нурланга өз добушумду берем. Анын пикири туура, бей өкмөт уюмдар көп ишти жасашууда. ВИЧ жугуштуу оору, бул адамдардын жаман жолго барышынан көбөйүүдө. Бүгүнкү берүүңөр СПИД тууралуу болду, шариятта бул оору тууралу эмне айталган, бул эмнеден келип чыгууда деге нсуроолордун тегерегинде көбүрөөк сөз козгосоңор. Ал эми программада көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө. Ушуңардан жазбагыла дээр элем. Анан элдин көпчүлүгү ичкилике берилүүдө, кантип аракечтикти токтотсок болот деген темада сөз козголсо.

Калысбек Оморов:- Экөөнө тең добуш берем. Туура жолдорду айтып жатышат. Өкмөт да, бейөкмөт уюмдар да иштеши керек. Алар бири-бирине жолтоо болушпайт. Азаттык плюс жакшы чыгууда. Убакытты кана көбүрөөк берсеңер деген ой. Программаңар калыс болуп чындыкты айтуу менен баардык көрүнүштөрдү элге жеткирсе деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG