Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

17:47 Нарында шайлоо кодексин талкуулаган жыйын өттү


НАРЫН. Жыйынды “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгү уюштурду. Өкүлчүлүктүн директору Бакыт Рысбеков жаңы шайлоо кодексинде бир катар өзгөрүүлөр болгондугун белгиледи. Маселен, 22, 23 жана 40-беренелери же болбосо кошумча негизги тизмелер боюнча жана бюллетень берүү тартиби талаш-тартыштарды, түшүнбөчүлүктөрдү жаратты. Түшүндүрмө берүү үчүн облшайлоокомдун төрагасы Аманкул Молдалиев жыйынга келбегендигин өкүлчүлүк директору Бакыт Рысбеков билдирди. БШКнын календарлык планына ылайык участкаларга шайлоочулардын тизмеси тактала электиги партиянын өкүлдөрү тарабынан сынга алынды. Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жумаалы кызы Жээнкан шайлоо мөөнөтү чукул болгондуктан, кечеңдөөлөр орун алып жаткандыгын, шайлоо сметасы облустан кайра ордо калаага кайтарылгандыгын ачыктады. (KUs)

XS
SM
MD
LG