Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

11:42 АКШда кыргызстандык боксчу Алмазбек Раимкулов абактан бошотулду


Кечээ АКШнын Лас-Вегас шаарында Алмазбек Раимкуловдун иши боюнча сот болуп, аны абактан бошотуу чечими кабыл алынды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сотто Алмазбек Раимкулов 2004-жылы бологон жол кырсыгында жабыр тарткан АКШ жаранынан кечирим суроо менен анын жапа чеккен автоунаасы үчүн 3045 миң доллар чыгымын төлөөнү жана сотко 560 доллар мамлекеттик пошлина төлөп берүүнү мойнуна алган. Профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Райымкуловду Лас-Вегас шаарынын полициясы 7-ноябрь күнү кармап, учурунда сотко келбей койгон деген негизде камакка алган эле.(SM)

XS
SM
MD
LG