Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

УЛУТТУК СЫНАЛГЫ ПАРТИЯЛАРГА КАЛЫСТЫК КЫЛБАЙ ЖАТАБЫ?


Алдыдагы парламенттик шайлоого карата 26-ноябрда башталган үгүт иштерин Улуттук телеканалда акы төлөп жүргүзүүдө саясий партиялардын тең укуктуулугу сакталбай жатат деп Социал-демократтар партиясы БШКга арыз жолдоду. “Ата Мекен” партиясы Улуттук телеканалга карата ушундай эле доо арыз менен сотко кайрылган жатат.

Шайлоо Кодексининин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык парламенттик жарышка түшкөн саясий партиялардын бардыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде сыналгыда бекер бир сааттык жана акы төлөө менен тең укукта эфирдик убакыт алууга укуктуу. Бирок 26-ноябрда башталган үгүт мезгилинен бери улуттук телеканал баштаган бардык телеканалдарда бийликчил “Ак жол” партиясы жөнүндөгү маалыматтардын басымдуулук кылганы жана улуттук телеканалдан бекер бериле турган бир сааттык убакыттын шайлоо алдындагы үч күндүк дебатка гана бөлүнгөнү партиялар арасында нааразылыкты пайда кылды. Социал-демократтар партиясы мындай мүчүлүштүк жөнгө салынсын жана улуттук телеканал акы төлөгөн партиялардын баарына эфирдик убакытты бирдей бөлүштүрсүн деген талап менен БШКга арыз жолдоду. Партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун айтымында, ага СДПК түзгөн келишимге карабай Улуттук телеканалдын видеотасмаларын көрсөтпөй жаткандыгы себеп болгон:

- Биз акчасын төлөп, реклама үчүн берген роликтерибизди элдин баардыгы көрүп жаткан кечки убакта бербестен күндүзгү саат 11ден алтыга чейин эле беребиз, калган убакта бере албайбыз деп Мелис Эшимканов Өмүрбек Бабановго өзү айтыптыр. Алардын рекламалык убактыбыздын баарын берип койдук, силерге орун жок дегени болбогон себеп. Үгүт иштеринде ушундай тоскоолдук кылып элге маалыматты толук жеткирбей бардыгы “Ак жол” үчүн гана иштеп жатышат.

Улуттук телеканал менен акы төлөп убакыт алуу тууралуу түзгөн келишимине карабастан видеотасмалары көрсөтүлбөй жаткан “Ата Мекен” партиясы болсо аталган телеканалды жоопко тартуу доо арызын сотко берүү чечимине келди.

-Тасмаларыбыз даяр жана Улуттук телеканал менен келишимибиз бар болчу. Бирок “Ата Мекен” партиясынын тасмаларын эч чыгарбай жатат. Ошондуктан жакында сотко берели деп чечтик. Бул жерде бир гана себеп бар. Ал “Ата Мекен” партиясы азыркы “Ак жол” партиясынын эң биринчи атаандашы болуп жаткандыктан жана оппозициялык партия катары Улуттук телеканалга жолотпоо башкы себеп. -дейт “Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев.

Ал эми улуттук телеканалдын азыр партиялар менен иштешип жаткан рекламалык-коммерциялык агенттигинин директору Медин Конушбаев эки партиянын тең бирдей убакыт бербей жатат деген дооматына негиз жок деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биринчиден, СДПК менен келишимибиз жок. Кечээ бул партиянын мүчөсүнө келишимдин долбоорун бергенбиз, бирок ал ошол бойдон келген жок. Эртең менен дагы бир мүчөсү келиптир, ага дагы бир ирет келишимдин долбоорун бердик. Ошондуктан ортодо келишим жок. Ушундан улам мен алардын дооматын жакшы түшүнгөн жерим жок. “Ата Мекен” партиясы менен келишим түзүлгөн. Анын негизинде түзүлгөн медиа план боюнча тасмалары кете берет. Эгер кол коюлган медиа план боюнча кетпесе, анда келишимдин негизинде макулдашып туруп, башка бир күнү башка убакта биз берүүгө мажбурбуз.

БШКнын маалымдоо каражаттарынын ишин тескеп жаткан мүчөсү Гуля Рыскулова комиссия Социал-демократтардын арызы боюнча түшүндүрмө берүү катын улуттук телеканалга жөнөттү деп билдирип, аталган телеканал тигил же бул партиянын укугун басмырлап жаткандыгын далилдеген факты азырынча жок болгондуктан маселени чуулдатуунун зарылдыгы жок деген кеңешин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG