Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

10:00 Мамлекеттик кызматкерлер пара алгандыгы үчүн айыпталууда


ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысыката райондук сотунун судьясы Б. Авизов 1000 доллар пара алган жеринен кармалган. Атайын боек сүртүлгөн 100 долларлык купюралардан онду судья чөнтөгүнөн өзү чыгарып берген.
Ошондой эле 2-декабрь күнү Асылой жаңы конушунун тургуну Айчүрөк Кыштобаевадан 10 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкектеги Биринчи май районунун акиминин орун басары Нарынбек Казыбаев кармалган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирет ИИМ маалымат кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG