Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

АКЫЛБЕК САРИЕВ: БШК САЯСИЙ ЧЕЧИМДЕРДИ АТКАРЫП АТКАНЫН БААРЫБЫЗ КӨРҮП ЖАТАБЫЗ


Шайлоо бюллетендеринин сүрөтүн жарыялап жибергендиги үчүн БШК Эдил Байсаловду социал-демократиялык партиянын шайлоо тизмесинен чыгарып, мурда басылган бюллетендерди бүт жараксыз кылды. БШК бюллетендерди кайра басып чыгарып, ага кеткен каражатты КСДПдан өндүрүп алуу жөнүндө чечим кабыл алган. Коомчулук ичинде дүрт эткен ушул окуянын айланасында “Азаттык” менен БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев ой-пикир алышты.

- БШК жарандык укуктук жоопкерчиликти соттун катышуусу жок эле партияга же анын мүчөсүнө мойнуна иле алабы, ушундай укугу барбы?

- Мен БШКнын жыйналышына ден-соолугума байланыштуу катышкан жок элем, бирок теледен көрдүм. БШК шашып кетти окшойт, анткени талапкерлердин өзүлөрүнүн иммунитети бар, талапкер болгондон кийин кылмыш иш козголсо дагы токтотулат. Ал жарандын шайлануусуна тоскоолдук болбош керек деген жобо бар. Тилекке каршы ошондой чечим кабыл алып коюшкан экен. Ал жагынан кичине шашып кетишти окшойт.

- Шайлоо бюллетендери шайлоого чейин интернетте жарыяланбашы керек деген норма мыйзамда каралды беле?

- Эдил Байсаловдун кылганы туура эмес болуп калды. Аны такташ керек эле, эмне максат менен жарыялады, маселе ушунда. Анткени биздин комиссия басып койду, баары бир бул бюллетендер эртең башка комиссияга түшкөнгө чейин жашыруун документ болмок. Добуш күнүнө чейин эч кимге көрсөтүлбөйт деген норма жок. 2600 участокто ар биринде ондон болгондо дагы 26 миң мүчө, партиянын өкүлдөрү өз көздөрү менен көрөт. Бирок интернетке чыгарган максаты кандай экенин такташ керек эле.

- Айрым пикирлер болуп атат, БШКнын бул чечими саясий чечим деген. Сиз ушуга кошула аласызбы?

- Саясий чечимдерди аткарып атканын барыбыз эле көрүп атабыз. Ошол эле партияларга ар кандай мамиле кылып атканын мен өзүм деле айтып келатам. Сот менен БШК азыр бир позицияда туруп атат. Сот иштери бүтпөй туруп, бюллетендерди басып даярдап койгонунан өзү эле билинип турат, сот менен БШКнын чечими бирдей болот дегени. Андай болбош керек эле. Сот акыйкат карап өзүнчө чечим чыгарыш керек болчу. Тилекке каршы, алар БШКнын чечими туура деп алдын ала белгилөөсү туура эмес. Бүгүнкү күндө кээ бир саясий партиялардын иштери каралып бүтө элек, алар кандай болуп чыгат эч ким билбеш керек эле.

-Эгерде соттун чечими менен СДП бюллетендерди басып чыгарууга милдеттүү болуп калса, бул мөөнөтү жагынан кандай болот, жетише алышабы 16-декабрга?

- Биринчиден, СДПга андай милдет коюш соттун колунан келбейт болуш керек. Анткени, чыгымды төлөтүүнү биринчи тергөө органдары чечиш керек. Аны мойнуна ала коюш кыйын болуш керек. Аны мен аткарылбас нерсе го деп ойлойм.

-“Замандаш”, “Жашылдар”, “Таза коом” партиялары Жогорку соттун чечими менен шайлоого катышпай калды. Бул БШКнын ишине көлөкө түшүрбөйбү?

- Коммунисттер партиясында ушундай эле мүчүлүштөр кеткен башында оңдогон. Бир мүчөсү жашына жетпей калыптыр, ал кишини айла жок чыгарганда анын тизмеси да бузулмак. Бирок аны тууралап БШК чечим чыгарганбыз, эки кишини кошо чыгарганда регистрациядан жаштары боюнча туура келип калган. Ошондой чечимдерди бардык эле партияларга чыгарып берсек болмок. Анткени техникалык каталарды оңдогонго биз жардам беришибиз керек. Анын ордуна БШК жазалоочу орган болуп калды, ошол жагы чатак болуп атат.

- Айрым саясий партиялар БШКга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп атат. Буга негиз бар деп ойлойсузбу?

- Алардын өзүлөрүнүн иши. Мен деле 2-3 жолу отурумдан чыгып кеттим, туура эмес кабыл алып атасыңар деп, ал да менин жеке оюм. Саясий партиялар деле ошондой чечим кабыл алып атат болуш керек, эми аны убакыт көрсөтөр.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG