Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, адвокат Галина Скрипкина БШК Эдил Байсаловду партиялык тизмеден чыгаруу жана 2 миллион 700 миң бюллетенди СДПКнын эсебинен кайра басып чыгаруу тууралуу чечимди 4-декабрда кабыл алган. БШК төрайымы Клара Кабилова тиешелүү документке кечээ кол коюушу керек болчу. “Документке качан кол коюлары белгисиз бойдон калууда, аны колго алсак, дароо БШКны сотко беребиз”,- деп билдирди “Азаттыкка” Галина Скрипкина. (JTo)
11:21 Галина Скрипкина: БШК төрайымы Эдил Байсаловду партиялык тизмеден чыгаруу тууралуу документке кол кое элек