Бул тууралуу экономикалык өнүгүү жана соода министрлигини макроэкономика бөлүмүнүн башчысы Болот Токсобаев “Азаттыкка” билдирди. “ Октябрь айында бул көрсөткүч 20 пайызга чейин көтөрүлгөн. Бул акыркы айлардагы азык-түлүктүн кымбаттоосунун айынан болгон. Эми, инфляциянын денгээли акырындап ылдыйлап жатат. Жыл аяктаганга чейин бул көрсөткүч 22 пайыздан ашпайт деп ойлойбуз”,- дейт Б. Токсобаев.(AiJu)