Гельменд провинциясында жайгашкан бул шаар он ай бою талиптердин көзөмөлүндө турган эле. АКШ баш болгон коалициялык күчтөр жана ооган аскерлери өткөн жума күнү шаарды кайра алуу боюнча операция башташкан.Бул арада Британия өкмөт башчысы Гордон Браун күтүүсүз сапар менен Кабулга келип, ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөр өткөрдү.