Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АЖЫЛЫК САПАРДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ ЖАРАН КАЗА БОЛДУ


Саударабстанда ажылык зыярат менен жүргөн кыргызстандык жарандардын ичинен өз ажалы менен каза болгондор катталды. Ал эми Кыргызстанда болсо дагы 1000 дей адам ажылык сапарга аттануу алдында турат. Ошто туман калың болгондуктан зыяратчылардын эки учак каттамы 10-декабрдан бери уча элек.

Биз Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов менен байланыштык эле, ал оболу уюштуруу иштеринен кабар берди:

- Бүгүнкү күнгө карата Саударабстан чегине 3,5 миңдей кыргызстандык ажы келди. Келери менен умраларын өткөрүп, зыяраттарын жасай башташты. Мекеде баары тең жатаканаларга жайгашты. Эки маал акысыз ысык тамак, ага кошумча жан азык (сухой паёк) берилүүдө Вакфа аркылуу.

- Канат мырза, кыргызстандык эки жаран ажылык сапарда каза болду деген маалымат бар, ошого токтолсоңуз?

- Үч күн мурда Мединада каза болду бирөөсү. Карасуу районунун Фурхат айылынан экен. Баласы коштоп алып жүрүптүр. Бүгүн, шейшемби күнү эрте менен да бир жараныбыз көз жумуптур. Азыр ким экенин тактаганы барабыз.

- Жалпы эле ажыларга медициналык жардам кандай берилип жатат?

- Ар бир топ экиден-үчтөн дарыгер ала келишкен. Андан тышкары Түркиянын Диянет вакфы уюмунун жетекчиси сүйлөшүп берди – биз жаткан жатакананын маңдайында чоң эмкана бар экен, кыргызстандык ажылар ошол жерден да дарылана алышат.

- Ден-соолугу кабатырланткандар жокпу?

- Кичине ысыкка чыдабай ооруган кишилер бар. Жашы өтүп калгандар көп эмеспи. Аларга топ башылар менен бирге жардам берип атабыз.

- Канча градус ысык болууда ал жакта?

- Азыр Мекеде 30-35 градус ысык.

Мединада үч күн мурда 71 жаштагы эне каза болгон, 11-декабрда Мекеде Мухаммеджан аттуу аксакал көз жумган. Ош облусунун казысы аркылуу алардын үйбүлөлөрүнө кабар берилиптир.

Ажы сапарына дагы 1000 дей кыргызстандык жаран аттанмакчы. Ошто болсо негизинен жалалабаддык зыяратчылар түшө турган эки учак каттамы 10-декабрдан бери кармалууда. Аэропортто күтүп олтурушкан зыяратчылардын бири Дилмурад Орозов аба-ырайына байланыштуу эки учак Дубайдан учуп келалбай жаткандыгын, адамдар ибадатка кетип аткандыктан анчалык деле тынчсыздангандар жок экендигин айтты.

Мурунку ажылык сапарында Мекеден Дубай аэропортуна келатып автокырсыктан каза болгон 22 адамдын жакындарынан 16 адам “Гарант” фирмасы тарабынан акысыз ажыга алпарылып жатыптыр. Ал жөнүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Тойгонбек Калматов маалымат берди.

Зыяратчыларды ажыга алпарчу акыркы учак каттамы 14- декабрда жөнөтүлөт.
XS
SM
MD
LG