- Манифест жарыялоо кандай зарылчылыктан улам келип чыкты. Мааниси, мазмуну тууралуу айтып берсеңиз?
- Биринчиден, өлкөдөгү болуп жаткан жагдайга жалпы журтчулукту жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу. Экинчиден, өлкөнүн стратегиялык өнүгүү багытына болгон партиянын көз карашы. Үчүнчүдөн, шайлоо деп жасалып жаткан зөөкүрчүлүктүн ыктымал натыйжаларына бийликтин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертүү. Булар мaнифесттин негизги максаттары. Мадумаровдун сөзү менен айтайынчы. Өз учурунда ал айтпады беле “Акаевге эл өзү оппозиция болуп калды” деп. Мына тагдырдын жазмышын карабайсыңарбы. Азыр бул бийликке чындыгында эл өзү оппозиция болуп калды. Үркөрдөй болгон оппозициянын азыр кереги деле жок болуп калды. Маселен, коогалаңдуу жагдай оппозициянын чакырыгы жок эле пайда болушу мүмкүн. Себеби көп сабаса өзүңдүн итиң деле кабанаак болот деп кыргыздар айтат эмеспи. Элди көп алдай берсе, элге кожоюн болушка аракет кылып, зөөкүрлүк менен тебелей берсе, акыры эл да өзүнүн нааразычылыгын билдирет да.
- Апрель митингисинен кийин элдин митинг, нааразылык чараларын өткөрүүдөн шаабайы сууду деген пикирлер айтылып жатат. Сиз кандай ойлойсуз бул жолу бийликке каршы чыкканга элдин ичиндеги жарасы бышып жетилдиби?
- Маселен, оппозиция азыр элди алып чыгып, нааразычылык кылганга чечим кабыл алган жок. Митинг деген ыймандуу жана элдин камын ойлогон бийлик учурунда гана натыйжа берчү нерсе да. Ал эми сотуңарга баргыла, билгениңди кылып ал, митинг эмес, эмне кылсаң ошо кыл, биз өз билгенибизди жасайбыз деген мамиле бийликте болсо, митингдин эч кандай кажети жок болуп калып жатпайбы. Андыктан митинг эмес башка бир акциялар болушу мүмкүн.
- Демек, шайлоо адилет өтпөсө, өлкөдө бийликтин кысымына, басымына нааразы болгон эл өзү көтөрүлүп чыгышы мүмкүнбү?
- Өзү көтөрүлүшү мүмкүн. Ага ким кепилдик бере алат. Маселен, референдумдун да көксөөсү бар да. Андан да ыза болгондор бар. Маселен, 8-9 % келген элди 80 % келди деп жарыяласа, бул көз көрүнөө шылдың да. Кечке эле шылдыңга мойнун созуп, макул боло бермек беле. Айтор эмнеси болсо да сөзсүз эле митинг же болбосо бир коогалаңдуу бир окуялар болушу максат эмес. Максаты элдин ишенимине ээ болуш да. Элдин назарына толуш. Анан биз демократия деп коюп демократиянын жыты да жок өлкөнү түзүп жатсак албетте, бул келечеги жок саясат.
Кеп саясий жагдайга болгон жоопкерчилик тууралуу болуп жатат да. Кагылышуудан кудай сактасын. Анын кереги жок. Анын кимге кереги бар. Маселен, элдин муктаждыгын, мүдөөсүнө какыс көрбөгөн бийликке митингге чыккандан эмне пайда.
-Кубат мырза, куруп берген маегиңизге ырахмат.