Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

ГРУЗИЯДА ЖЕТИНИН БИРИ... ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ


Грузияда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады. Мамлекет башчысынын мандатын жети киши талашмай болду. Шайлоо 5-январга белгиленген, анын жүрүшүнө көз салганы эл аралык 300дөй байкоочу келет. Жергиликтүү бейтарап баяндамачылар Грузия саясий бул маанилүү өнөктүктү демократиялык талаптарга ылайык таза,эркин жана адилет өткөрө алабы - башкы маселе ушунда турат дешет.

Борбордук шайлоо комиссиясы ырасмий түрдө бекиткен талапкерлер тизмесинде Михаил Саакашвилиден тышкары бириккен оппозициянын кандидаты Леван Гачечиладзе, жаңы оңчулдар партиясынын лидери Давид Гамкрелидзе,белгилүү олигарх-магнат Аркадий (Бадри) Патаркацишвили бар. Алардан тышкары тизмеге ооппозициядагы дагы үч күчтүн өкүлдөрү - солчул-популисттерден Шалва Нателашвили, “Болочок” жана россиячыл “Үмүт” кыймылдарынан Георгий Маисашвили менен Ирина Саришвили да кирген.

Тбилисилик саясий баяндамачы Темур Иакобашвили бу жолу өлкөдө классикалык маанидеги президенттик шайлоо болбойт деп эсептейт. Талапкерлердин эл ылгап, тандап ала тургандай деле программалары жок. Элге бир болсо Саакашвилиге жаңы мандат берүү керекпи, а болбосо мамлекеттик башкаруу тарыйкасын өзгөртүп, парламенттик республика болгон оңбу же конституциялык монархияга өтүү керекпи деген чечимдин бирине токтолууга гана туура келет.

Оппозициялык талапкерлердин көбү президенттик системаны өзгөртүүнү көздөп, үгүтүн иштерин да ушул идеянын аңытында жүргүзүп жатышат. Грузиянын бардык проблемасын алар президенттик башкаруудан көрөт, буга кошуп Саакашвилини өлкөнүн багын байлаган саясатчы дешет. “Шайлоодо президент болуп калсам Миша Саакашвилинин режимин түп орду менен жок кылам”, - деп ишендирди оппозициялык коалициянын кандидаты Гачечиладзе.

Айрым талапкерлер кала берсе грузиндерди бекер газ жана электр жарыгы менен камсыз кыларын, муну кантип жасаштын жолун билерин айтып жатышат. Ал эми олигарх-магнат Патаркацишвили социалдык жардам үчүн гана өз жанынан 1 миллиард доллар акча чыгарганга убада берди.

Оппоненттердин обурун жана оройун көргөн Саакашвили баарын калтырып,социалдык чөйрөгө, айрыкча жумушсуздукту кыскартуу маселесине катуу басым жасай баштады. “Кээ бир атаандаштарым жумушсуздук проблемасын эми эле эстеп калдыңбы,буга чейин эмне кылып жүрдүң эле деп айтышы мүмкүн. Эгер буга кызыксаңар, айтып койойун: жумуш орундарын көбөйткөнү жол куруп жүрдүм,элге кенен жарык жеткирейин деп электр линияларын тартып жүрдүм, оппоненттерден муну ким жасады?”- деп айтты Саакашвили жергиликтүү фермерлер менен жолукканда.

Темур Иакобишвили булардын баарын шайлоо алдындагы тил эмизген апкөй сөздөр деп эсептейт. Эң башкы кеп – айланып келип эле шайлоо адилет жана эркин болобу деген маселеде. “Эгер Саакашвили добуштарды бурмалабай утуп чыкса,оппозиция анын жеңишин моюндаганга аргасыз болот. Эл аралык көп байкоочулар келет, жергиликтүү байкоочулар алардан арбын болот, иши кылып,шайлоону көп күчтөр көзмөлдөйт, мунун баары бурмалоолордун аз болушун шарттайт”, - дейт Иакобишвили.
А кокус шайлоодо бийликтер ыпылас ыкмаларды колдонгонго барса, анда өлкөдө кайрадан саясий опур-топурдун толкуну түрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG