Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

18:44 Таластын борбордук аянтында Орусия жана Кыргызстан ырчылары “Ак жолду” колдоп концерт беришти


Талас шаарынын техникалык окуу жайында окуган Эрмек Эркегалов концертке мажбур түрдө келгенин айтып, шайлоо калыс өтпөйт, “Ак жол” партиясы монополист болуп бюджеттик мекеме уюмдун кызматкерлерине басым көрсөтүп жатат деген пикирин билдирди. Концертке көбүнесе мектеп окуучулары, жогорку окуу жайдын студенттери жана бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери келишти. Бакайата районуна карашту Акдөбө айыл өкмөт башчы Кутманалы Орозбаев аны менен чогуу келген кишилердин аттары жазылган тизмени көрсөтүп, айрым адамдар ал тизмени сурап жатканын айтууда. Талас облустук шайлоо комиссиянын төрагасы Жантөш Жусупбеков башка мамлекеттин ырчылары кандайдыр бир партияны колдоп ырдаганы мыйзамдуу эле көрүнүш деп түшүндүрдү. (UA)

XS
SM
MD
LG