Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34

20:00 Парламенттик шайлоого Ысыккөл облусу даяр


ЫСЫККӨЛ. Ысыккөлдүк жалпы шайлоочулардын саны 228 миңден ашык. 16-декабрдагы шайлоого 240 шайлоо участкасы түзүлүп, аларда 2274 комиссия мүчөсү иштейт. Шайлоо өткөрүү үчүн БШКдан 4 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгилеген облустук шайлоо комиссиясы Жоомарт Барктабасов анын баары сарыпталбай тургандыгын чечмеледи. Анткени, шайлоочулардын санына жараша участоктордогу комиссия курамы он бешке жетпейт. Референдумда бөлүнгөн акчадан дагы бир миллионго жакын үнөмдөлгөн. Шайлоого болсо жыйырмадай эл аралык байкоочу көз салып, коопсуздугун 371 милиция кызматкерлери камсыз кылары дагы маалымдалды. (RB)

XS
SM
MD
LG