Бишкек шаарындагы №1157 шайлоо участогунда добуш берип бүткөндөн кийин президент маалымат каражаттарына чакан сөз айтты. Мамлекет башчы сөзүндө Кыргызстан үчүн күйгөн иштерман партия үчүн добуш берип чыкканын билдирген. “Бул күн - тарыхый күн. Биринчи жолу Кыргызстандын турмушунда шайлоочулар партиялык тизме менен добуш берип жатат. Шайлоо таза жана акыйкат өтөт деп ишенем”, -деп шайлоонун өзгөчөлүгүн баса белгилеген. Президенттин айтымында, шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстан сапаты жагынан таптакыр жаңы мыйзам чыгаруу органына ээ болот. Анын курамында аялдардын, жаштардын жана аз сандагы улуттардын өкүлдөрү болот. (KCh)