Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

12:17 Кочкордо добуштар бурмаланганы кабарланууда


“Чакыруу” коомдук бирикмесинин төрайымы, “Ата мекен” партиясынын Кочкордогу координатору Бурул Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кочкордо бир нече участкалык шайлоо комиссияларында “Ак жол” партиясына берилген добуштар бурмаланды. Атап айтканда, Жаңыжол шайлоо түйүнүндө “Ак жол” 449 добуш алса, ал комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 866 деп оңдолгон. Каракоо шайлоо түйүнүндө 225 добуш 525 деп оңдолгон. Ушундай эле бурмалоолор Калыгулбай жана Үкөк шайлоо түйүндөрүндө да орун алган экен. Б. Исмаилованын айтымында, бардыгы болуп “Ак жолдун” пайдасына 1163 добуш кошулган. Аталган мыйзам бузууларга күбө болуп, наарызылыгын билдирген “Ата мекен” партиясынын байкоочусу 65-жаштагы Кеңеш Рахмановду райондун акими Курманбек Байтереков жансакчылары менен келип сабаганы маалымдалды. Аталган окуя боюнча К. Байтереков менен байланышуу эч мүмкүн болгон жок.(MSu)

XS
SM
MD
LG