Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Парижде Палестинага жардам көргөзүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө


Ага 90дой өлкө менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат. Кошмо Штаттар палестиналыктардын күндөлүк турмуш-тиричилигин жакшыртуу үчүн 550 миллион доллар ажыратууга даяр экенин билдирди. Жалпысынан Палестинанын муктаждыгы үчүн конференцияда 6 миллиард чогултулат деген үмүт бар. Автономия башчысы Махмуд Аббас конференция ачылгандан кийинки сөзүндө каржылык жардам Палестинага "кыйроону алдын алуу" үчүн керектигин белгиледи. Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиса Райс өз сөзүндө эл аралык коомчулукту Палестинага берешендик менен жардам кылууга үндөп, бул автономия өкмөтү "банкрот болуусуна" жол бербөөнүн акыркы мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG