Аяктап бара жаткан бул жылы кесиптик милдетин аркалап жүрүп, дүйнөнүн 17 өлкөсүндө 64 журналист каза тапкан. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин бүгүн жарыяланган жылдык докладында белгиленгендей, бул соңку он жылдан ашуун убакыт ичиндеги эң жаман көрсөткүч. Комитеттин пикиринде, Ирак акыркы беш жылдан бери журналисттердин иштөөсү үчүн эң кооптуу аймак катары эсептелинет.