Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

«АСАБА» ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ТААНЫБАЙТ


Мээрим Султангазы. «Асаба» партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Мындай билдирүүнү партиянын лидери Азимбек Бекназаров кечээ жасады. Анын айтымында, 16-декабрдагы шайлоодо болуп көрбөгөндөй ыплас технологиялар колдонулуп, көз боёмочулук чектен ашты. «Асаба» партиясы мамлекет башчыдан шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүүнү өтүнөт.

“Асаба” пртиясынын мүчөсү Советбек Жамалдинов БШКнын иш алып баруусу түздөн-түз президенттик администрациянын тапшырмасы менен жүргөнүн алар партияларды каттоодо, шайлоонун жыйынтыгын чыгарганынан байкалып турганын айтты:

- БШК президенттик администрациядан көрсөтмө күтүп, шайлоонун жыйынтыгын жарыялабай бекитип жатышы, бир дагы арыздын каралбаганы жана ар күнү ар башка жыйынтыктарды жарыялашы жана башка фактылардын негизинде 16-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыктарын “Асаба” партиясы тааныбайт.

Партия ошондой эле өзүнүн жыйынтыгына ылайык республика боюнча 5 пайыз жана жарым пайыз чектерди ашкан добуш алгандыгын билдирди.

“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Беканазаров мурунку президент Аскар Акаев үйбүлөлүк башкарууну орнотом деп 15 жыл аракеттенип, андан майнап чыкпаган эле, ал эми учурдагы президент Курманбек Бакиев мындай башкарууну 2,5 жылдын ичинде эле орнотуп койду дейт:

- Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир үйбүлөөлүк диктатура орноду. Бардык мамлекеттик органдар эми ушул үйбүлөлүк бийликке кызмат кылат. Жападан жалгыз Жогорку кеңеш азбы көппү, эки жарым жыл бою ошол үйбүлөөлүк башкарууга каршы иштеп келгенбиз. Системаны өзгөртөлү деп аракет кылганбыз. Бүгүн эми кыңк этпеген парламентке ээ болушту. Эмне десе, ошондой мыйзамдарды кабыл алып беришет. Жакында 2008-жылы жаз айларында президенттик шайлоо болот, анткени ушундай көрүнүш менен президент Бакиев 2010-жылдан кийин мөөнөтүн узартып алышы күтүлүүдө.

Буга чейин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын “Ата Мекен” партиясы да билдирген. Учурда бул партиянын өкүлдөрү Бишкекте жана Ошто ачкачылык акциясын өткөрүп жатат. Ал эми бүгүн жалпы республика боюнча нааразылык иш-чаралары башталмакчы. Эми бул катарды “Асаба” партиясы менен “Кыргызстан патриоттору” партиясы да толуктады.

“Биз прокуратура. Сотторго кайрылбайбыз. Анткени бул жыйынтыксыз экени белгилүү. Биз бул шайлоону тааныбайбыз. Биз кайра шайлоо өткөрүүнү аракет кылабыз. Парламентке чыныгы эл тандаган, татыктуу адамдар келиши керек”, дейт aталган партиянын өкүлү Алмаз Орозбаков.

Анткен менен, 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоо таза жана адилет өттү деген баасын айрым эл аралык байкоочулар беришти. Маселен Адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Мамасадык Жакышев шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болбогонун, эгер болсо да техникалык гана кемчиликтер кетти деп “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Биздин комитет да байкоо жүргүздү, эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. Болгону тизмелер менен гана кичинекей так эместиктер болду, бул эми техникалык ката да.

Aйрым байкоо жүргүзгөн уюмдар шайлоо мыйзам чегинде өткөнүнө ишендирип келишсе, өлкөдө шайлоонун жүрүшүнө нааразы болгондор ар кандай чараларды өткөрүп турган кези. Ал эми “Асаба” партиясы митингдерди өткөрүү боюнча оппозициялык партиялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG