Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!: Бишкек-Ош жолунда кар көчкү коркунучу бар


24-25-декабрь күндөрү Бишкек-Ош автожолунун 121-138 жана 198-257 чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

25-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1 градус.
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн
-7…-9, күндүз -4…-6 градус болот.

XS
SM
MD
LG