Кечээ түркмөн өкмөтү он жыл мурун акча операциясын жүргүзүүгө салынган тыюуну алып таштады. Президент Гурбангулы Бердимухаммедов өлкөнүн банктарынын жүздөн ашуун филиалдарында акча алмаштырууга уруксат берген мыйзам долбооруна кол койду. Бердимухаммедов "бул долбоор өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартат",-деп билдирди.