Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

16:45 Академик Асангали Орузбаевдин сөөгү Ала арча көрүстөнүнө бүгүн коюлду


Анын замандаштары Орузбаевдин ыймандуулугун, кыргыз эли үчүн жасаган зор эмгектерин эскеришип, элеси үй бүлөдөгү бактылуу адамдын үлгүсү катары каларын белгилешти. Коңшу Казакстандан өкүлдөр келип Орузбаевдин тажыясына катышты. Тилекке каршы кыргыз бийлигинен өкүлдөр академикти акыркы сапарга узатууга келишкен жок. Экономика илимдеринин доктору, профессор, КР илимдер академиясынын, Казакстан илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, Орусия айыл чарба академиясынын чыныгы мүчө-корреспонденти Асангали Орузбаев 31-декабрда сексен жашка караганда дүйнөдөн кайтты. Ал 40 ашуун илимдин докторлорун тарбиялап өстүргөн. Кийинки учурда КР ИА экономиканы изилдөө борборунун бөлүм башчысы болуп иштеп турган. (AJ)

XS
SM
MD
LG