Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

ПАКИСТАНДА ШАЙЛОО ЭМКИ АЙДА БОЛОТ


Пакистанда парламенттик шайлоо 18-февралда болот. Улуттук шайлоо комиссиясы ушундай чечимге токтолду. Оппозициядагы эки партия шайлоону мурда белгиленген мөөнөттө - келерки шейшембиде өткөрүүнү талап кылышкан эле.

Пакистандын улуттук шайлоо комиссиянын бул чечимин төрага Казы Мохаммад Фарук маалымат жыйынында жарыялады. Беназир Бхуттонун өлүмү өлкөнүн төрт провинциясын олуттуу тополоңго салды. Баары болуп ар кайсы аймактарда он бирден ашуун шайлоо кеңселери талкаланды, калгандары иштей алган жок. Натыйжада жергиликтүү комиссиялар шайлоочулар тизмесин толук тактап бүткөнгө жетишпеди. Борбордук комиссия болсо бүллүтөндөрдү даярдай албады, деп айтты Фарук.

Мындан тышкары айрым провинциялардын, атап айтканда, Пенжабдын өкмөтү шайлоону бир кыйла кийинки мөөнөткө которууну өтүндү. Буга кошумча босогодо турган Мохаррам айы эске алынды. Мохаррам Пакистанда 10-январда башталат, 8-февралда бүтөт. Бул айды жергиликтүү мусулмандар ыйык санашат, ошол эле учурда диний араздардын көбү, айрыкча сүннүлөр менен шейиттердин өз ара төбөлөшкөн кара жаңжалдары да ушул айга туура келет.

Улуттук комиссиянын чечимин аткаруу бийликтери колдоду. Анын үстүнө саясий партиялар менен консультацияларды өткөргөн соң ушундай бүтүмгө токтолдук, деп белгиледи Фарук.

Маркум Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясы шайлоонун 8-январда өткөрүлүшүн талап кылган эле. Партиянын жаңы шайланган теңтөрагасы,Беназирдин күйөөсү Асиф Зардари демократия террорчулардан өч алуунун эң мыкты жолу болорун белгилеген. Шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү чакырыгын экс-премьер Наваз Шарифтин партиясы да колдогон. Шариф буга кошумча президент Мушаррафтын бийликтен кетишин талап кылган. Өлкөдөгү бардык балээнин башы деп ал Мушаррафты атады. “Эгер ал кызматтан кетпесе, өлкө оңолбойт, анткени Мушарраф өзүн гана ойлогон неме, өлкө жөнүндө эгерим ойлонбойт, - деп айтты Шариф.- Ал өзүн өлкөдөн да өйдө турам, мыйзамдан да өйдө турам деп ойлойт”.

XS
SM
MD
LG