27-декабрда өткөн шайлоодон кийин президент Мваи Кибаки өзүнүн жеңишин жарыялаган. Оппозиция шайлоо жыйынтыгын таанудан баш тарткандан соң өлкөдө баш аламандыктар орун алган. Кабарларга ылайык, он миңге жакын жергиликтүү тургундар турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болгон.