Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

10:15 Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасын кайра шайлоо болду


Кайра шайлоо кинематграфисттер союзунун он төртүнчү курултайында өттү. Анда кинематографисттер союзун буга чейин жетектеп келген ишкер жана продюсер Таалайбек Бапанов көпчүлүк добушка ээ болду. Ал эми анын атаандашы, “Кыргызфильм” киностудиясынын мурдагы жетекчиси Тынай Ибрагимовго бир аз добуш жетпей калды. Кайра шайлоо төраганын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өткөрүлгөн, деп кабарлашты Кыргызстан кинематографисттер союузунан.
Таалайбек Бапанов “Маңкурттун энесинин көз жашы” көркөм кинотасмасынын продюсери, В. Михайловдун “Эскерүүлөр кинотасмасы”, “Жогорку чыңалуу” китептеринин жана бир нече кинотасмалардын демөөрчүсү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG