Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ОРУСИЯДА МАҢ ЗАТТАН ЖЫЛЫНА 80 МИҢДЕЙ КИШИ ӨЛYП ТУРАТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын маң заттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын маалыматына ылайык, өлкөдө жылына орто эсептен ала келгенде 80 миң киши бангизаттан каза болот. Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун айтымында, Орусияда ушул күнгө чейин баңгилерди натыйжалуу дарылоо ыкмасы иштелип чыгыла элек.

Орусиянын бангиликти ооздуктоо кызматынын федералдык башкармачылыгы өлкдө жок дегенде бир жолу нашаа чеккендер эсеби 15 миллионго жетет дейт. Бангилик оорудан жылына сексен миңдей киши көз жууп турушат. Ал эми үзбөй нашаа тарткандар эсеби 6 миллион кишиге чукул, бирок ырасмий каттоодо турушканы 500 гана миңге жетет.

Ал уюмдун жетекчилеринин бири генерал Александр Михайлов «Интерфакс» кабарчысына айткан маалыматында кийинки учурда бангичилер арасында дары дармектен өз алдынча нашаа даярдоо тараганы айтылган.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар чыгарган жыйынтыкка караганда Орусияда бангичилерди айыктыруу жана аларды кайра катарга кошуу иши эмдигиче алгылыктуу колго алына элек. Буга чукул пикирди өткөн жылы Татарстанда бангиликтен дарылануу үчүн атайын мекемеде жатып чыккан, аты-жөнүн ачык айткысы келбеген Эдуард айтат:

-Мени алар төрт дубалдын ичине камап коюп нашаа чеккен жаман деген үгүт айтуу менен чектелишти. Кантип аны чекпей коюуга болорун эч кимиси түшүндүрүп бере алышпады.

Андан аркы кебинде каттоого алынуудан жаа боюу кача тургандыгын айткан жана анын себебин мындайча чечмелейт:

-Бангилик уюмунун тизмесине илинбөө үчүн мен аларга 18 миң рубль пара бердим. Баарыдан катуу коркконум алар тизмеге алып алшпаса экен болду. Ага бир илиндиң дегиче сени кийин эч жерде ишке албайт. Бангиликти таштагандан соң да бизге ишеним жок, мени чочулаткан жагдай ушул болду.

Өлкөдө бангиге берилгендер алып келип аткан мүшкүл кыйла экенин REGIUM агенттиги жазат. Анын кабарында, маселен, Самара обулусу Орусиядагы наркомандуулук арткан он обулустун бири. Ал аймакта былтыркы 11 айдын ичинде эле бангизатты жүгүртүүгө байланыштуу 2 миң 210 кишинин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Облусттун бангиликти ооздуктоо уюмунун жетекчиси Михаил Нарушев айтканга караганда жагдай Самара, Тольятти, Новокуйбышевск, Чапаевск шаарларында оор.

Орусияда нашаадан өлгөндөр артып баратканын Коомдук палатанын мүчөсү, «Аракечтик менен бангичилик жок болсун» корунун жетекчиси Сергей Полятыкин айтат:

- Албетте, андай оор маселе бар. Ар жыл сайын ашыра чегип алып көз жумгандардын эсеби сексен миңге чукулдап бараткандыктан андай коркунуч бар экенин жашырбайбыз.

XS
SM
MD
LG