Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

11:00 Аксы окуясы боюнча сот иши Жалалабаддан Бишкекке которулду


Сот мындай чечим чыгарышына жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын сунуштары негиз болду. Бүгүн жабырлануучулардын жактоочусу Азиза Абдырасулова сотко катышып жаткан эки жактоочу ооруп калгандыгын, буга сот отуруму жүрүп жаткан имараттын өтө суук экендиги себеп болгонун билдирди. Ишемби күнкү отурумда айыпталуучулардын адвокаты Асанакун Кабаев сотко катышып жаткандардын бардыгы Бишкектен келишкендигин эске алып, ишти кароону Бишкекке которуу сунушун сотко берген болчу. Республикалык аскер соту 11-январдан бери Жалалабад шаарында айыпталуучулар менен жабырлануучулардын горнизондук соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын карап жаткан. Горнизондук сот мурдагы облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен мурдагы облмилиция башчысы Кубанычбек Токобаевди беш жылга эркинен шарттуу ажыраткан. (BuS)

XS
SM
MD
LG