Бишкек райондор аралык сотунун мындай чечимине каршы Бишкек шаар сотуна кассациялык арыз жолдонгонун бүгүнкү маалымат жыйынында СДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов билдирди. Ошондой эле ал партия Кыргызстандагы соттордун адилеттүүлүгүнө ишенбистигин, эгер керек болсо бул ойдон чыгарылган, мыйзамсыз талап боюнча эл аралык сотторго чейин кайрылышаарын белгиледи. Депутаттын айтымында, бул жерде Эдил Байсаловдун эч кандай күнөөсү жок жана партия аны акырына чейин коргойт. Былтыр 11-декабрда Бишкек райондор аралык соту башкы прокуратуранын СДПга каршы доо арызын канааттандырып, партияны мамлекетке 20 миллион 238 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Доогер тараптын эсебинде, партия мүчөсү Эдил Байсалов ачыкка чыга элек шайлоо бюллетенин интернетке жарыялоо менен мамлекетке ушунча өлчөмдө чыгым келтирген.(SM)