Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

11:45 Курманбек Осмонов: Сот реформасы тууралуу ачык-айкын пикирим жакпай атат


Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтуусунда жергиликтүү соттордун айрым төрагаларын президенттик администрациянын өкүлдөрү чогултуп, ушул кайрылууну иштеп чыгышкан. “Менин билишимче, Чүйдөгү айрым соттор катка кол коюудан баш тартышкан. Мунун артында ким турат, ким уюштуруп жатат, мен баарын билем, кааласаңар айтып берем. Бул маселеге байланыштуу мен буга чейин президентке да, ЖК төрагасына да кайрылгам, бирок мага жооп болгон жок, “ –деди Курманбек Осмонов. Ошондой эле ал арыз катка кол койгон 50дөй соттон башка сотторго да кайрылып, алардын да пикирин парламенттин комитети угуп койсо болмок, деген оюн билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG