Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ: КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК БИР КОЛГО ТОПТОЛДУ


Кыргыз парламентинин мурдагы мурдакы төрагасы, “Таза коом” партиясынын лидери Абдыганы Эркебаев оппозициялык күчтөр уюштурган саясий форумда чыгып сүйлөп, Кыргызстанда суперпрезиденттик республика түзүлдү деп жар салды. А. Эркебаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, өзүнүн билдирүүсүн чечмелеп айтып берди.

- “Акыйкат үчүн” кыймылынын форумунда бизде суперпрезиденттик республика түзүлдү, өлкөдө бийлик бир колго өтүп авторитардык режим түзүлгөнүн айттыңыз эле. Буга кандай жагдайлар негиз болууда?

- Өткөн жылкы референдумдун негизинде биздин конституциянын олуттуу өзгөрүшү жана анын негизинде президент өзү башында турган “Ак жол” аттуу партиянын чагылгандай тездик менен болгону бир-эки айдын ичинде түзүлүп, ушунчалык административдик жол менен кенен тарашы жана Жогорку Кеңешке болгон жаңы шайлоолордун негизинде ушул партиянын өтө көп добуштарды алышы Кыргызстанда суперпрезденттик республика түзүлдү деп айтканга негиз берет. Натыйжада бүгүнкү күнү Кыргызстанда ачык айтканда президент партиянын да жетекчиси болуп, анын партиясы Жогорку Кеңеште басымдуу көпчүлүк орунду алып, ал аткаруу бийлигин, өкмөт башчысын да дайындап, акыры келип анын баары президент аркылуу дайындалып жаткандыгы көрүнүп атат. Демек, бүгүн президент Жогорку Кеңештин дагы, өкмөттүн дагы, анын өзөгүн түзгөн партиянын дагы башчысы болуп, биз мурда басып өткөн жолдогудай жана көпчүлүк Африка, Азия, Латын өлкөлөрүндөгүдөй бир бийликтин кулач жайышына алып келди.

- Парламентте “Ак жолдун” салмагы менен башка фракциялардын сунуштаган олуттуу маселелери өтпөй деген пикирлерге кошула аласызбы?

- Ооба, аны биз Россиянын, Казакстандын мисалынан көрүп жүрбөйбүзбү. Азыр Жогорку Кеңешке “Ак жол” 71 орун мандат алып, демек каалаган маселесин, каалаган мыйзам долбоорун өзү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Атүгүл Конституцияны өзгөрткөнгө дагы мүмкүнчүлүгү бар.

- Чукул парламенттик шайлоонун аркасы менен парламентке келген депутаттар чөнтөк парламенти болду деген пикирлер айтылып жатпайбы. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мындай пикирлер мурда деле кээде айтыла калып жүрчү. Бирок азыр чындыгында кенен маанидеги түздөн-түз пикирин билдирүүчү оппозициялык күчтөр өтө эле аз болуп калды. Демек жанагыдай ойлордун болушуна сөзсүз реалдуу негиздер болуп атат.

- Эми азыркы парламенттеги жаңыдан шайланган депутаттар канчалык деңгээлде элдин ишенимин актай алат деп ойлойсуз?

- Мындай акылдуу сөз бар, бул парламент дагы бүгүнкү күндөгү кайсы бир деңгээлде кыргыз коомунун, Кыргызстандын калкынын күзгүсү болуп отурат. Эгерде биз ушундай акыбалга, ушундай деңгээлге жетип атсак, буга, албетте, ар бирибиздин жалпы эле элибиздин саясий жана укуктук маданияты да жол берип койду. Менимче биз мындан дагы да болсо сабак алып, эртенкиге башкача жолдорду издөөгө аргасыз болуш керек го.

- Өткөн форумда коомдук парламент түзүү демилгеси көтөрүлүп чыкты. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров коомдук парламентти конституциялык эмес деп жар салды. Сиздин буга пикириңиз кандай?

- Мен мындай пикирлерди уктум. Ошол эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, айталы Байло жана бир-экөө сүйлөдү конституцияга каршы келет деп. Чындыгында биздин конституция жана коомдук уюмдар жөнүндөгү мыйзам коомдук парламент түзүүгө толук мүмкүңдүк берет. Мурда эле аракеттер болгон, атүгүл элдик, коомдук парламент деп бир-эки жыйындарда өткөн.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG