Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

12:10 Бүгүн укук коргоочулар башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушту


Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Динара Ошурахунова, Төлөйкан Исмаилова Башкы прокурордон тынч митингдерди чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну жана мэр Данияр Үсөновду Кылмыш Жаза кодексинин 338-беренеси боюнча жоопко тартууну талап кылышты. Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, 14-декабрда Конституциялык сот тынч жүрүштөрдү жана жыйындарды өткөрүүгө чектөөгө тыйуу салган чечимин чыгарган. Укук коргоочулар Конституциялык соттун чечими акыркы экенин жана ал даттанууга жатпастыгын белгилешүүдө. 30-ноябрда мэр Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен шаардык кеңештин тынч жыйындарды чектеген токтому баш мыйзамга каршы келерин айтышкан укук коргоочулар, баш прокурордон Үсөновду жоопко тартууну талап кылышты. Укук коргоочуларды бүгүн кабыл алган башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул маселе боюнча 24-январда жообун бере тургандыгын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG