Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

12:35 Бир катар депутаттар парламент отурумунда чыгып сүйлөө укугунан ажыратууга нааразы


Жыйында каралуучу маселелердин демилгечиси, комитеттин төрагалары жана депутаттык фракциялардын жетекчилери гана парламент отурумунда өз пикирин билдире алат деген “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүнүн киргизилишине бир катар депутаттар каршы болушууда. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов депутаттарды парламентте чыгып сүйлөө укугунан ажыратуу Конституцияга каршы келерин, бул депутаттардын укугун кемсинтүү экендигин баса белгиледи. Депутат Мурат Жураев дагы парламент отурумунда депутаттардын өз пикирин айтуусун чектөө сунушуна каршы пикирин билдирди. Депутат Жангороз Каныметов болсо регламенттеги депутаттардын чыгып сүйлөө укугун чектөө туура эмес экендигин, бул маселени кайра кароо керектигин сунуштады. Анын пикиринде мындай чектөө парламенттин аброюна шек келтирет. (AJ)

XS
SM
MD
LG